• 88.68
  • 95
  • 0.95

NABU Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде "Ак илбирстин экспедициясы" кɵргɵзмөсүн уюштурду

Коом 0

Бишкек, 20.03.23./Кабар/. Нооруз майрамын утурлай Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде “Ак илбирстин экспедициясы” көргөзмөсү өттү.

Эчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Германиянын жаратылышты коргоо уюму (Naturschutzbund Deutschland - NABU) тарабынан уюштурулган. Ага Германиянын ар кайсы аймактарынан келген кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана алардын балдары, Берлиндин жергиликтүү тургунлары катышты.

NABU кызматкерлери Кыргызстанда жана ак илбирс жашаган башка өлкөлөрдө ак илбирсти жана жапайы жаратылышты коргоого арналган көргөзмөгө экскурсия уюштурушту. Балдар үчүн көргөзмөнүн уюштуруучулары өзүнчө программа түзүп, анда балдар Кыргызстандын бийик тоолорунда жашаган ак илбирстер тууралуу маалымат алып, ак илбирс тууралуу төш белгилерди өз колдору менен жасашты.

Көргөзмө элчиликте 2023-жылдын апрель айынын аягына чейин уланат.

Бул көргөзмө NABU долбоору боюнча ак илбирсти коргоо боюнча маалымат берүүгө гана эмес, ошондой эле Германиянын жашоочуларынын көңүлүн Кыргызстандын туристтик потенциалына бурууга да салым кошот.

Пикир

Оставить комментарий