• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын: Орто-Нура айылында сууга түшүп кеткен баланы издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Нарында сууга түшүп кеткен 9 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-март күнү саат болжол менен 18:30 чамасында Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Нарын районунун Байгазак айылынын тургуну 1981-жылы туулган Ө.М. телефон аркылуу Нарын районунун Орто-Нура айылынын Кабак аймагынан 2013-жылы туулган Темирлан Түмөнбаев Нарын дарыясынын жээгинде муз тээп ойноп жатып, сууга түшүп кеткендигин билдирген.

Аталган билдирүү Нарын РИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда 2013-жылы туулган Темирлан Түмөнбаев апасынан суранып, классташ балдары менен муз тээп келгени кеткендиги аныкталган. Нарын дарыясынын суу жээгине түшүп басып бара жаткан жеринен ал муздан тайып Нарын дарыясына агып кеткенин жанындагы классташ балдары көрүп, аны куткарууга аракет кылышкан. Бирок куткарууга алышкан эмес.

Бул окуя боюнча Нарын РИИБнин өздүк курамы 3 топко бөлүнүп, Нарын шаардык ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте атайын жарык берүүчү шаймандар менен издөө иштерин баштаган.

Мындан тышкары, айыл тургундары, жөө жана атчан адамдар жардамдашып, бүгүнкү күндө Нарын облустук, Нарын райондук милициясынын өздүк курамы, ӨКМдин 27 кызматкери жана жергиликтүү тургундар биргеликте тынымсыз издөө иштери уланып жатат.

Темирлан Түмөнбаев Нарын районунун Орто-Нура айылынын Б.Бекежанов атындагы орто мектебинде 2-класста окуп келген, өзү алты бир тууган, анын ичинен эң кичүүсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий