• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-августта саат 15:20да Ысык-Көл райондук милициясына Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Милициядан белгилешкендей, Кара–Балта шаарынын З.у Э. аттуу тургуну “Опел-Зафира” үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай, жол кырсыгына кабылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын дөнгөлөгү жарылган.

Кырсыктын кесептинен 3 адам каза болуп, бирөө жабыркаган.

Аталган факт райондук милицияга катталып, тиешелүү экспертиза дайындалды. Учуруда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий