• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын шаарынын мэри Т.Сатылганов орто мектебинин абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Нарын шаар башчысы Канболот Тутуев 1-Т. Сатылганов атындагы орто мектебине барып, мектептин иш жагдайы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 58 мугалим иштеп, 721 окуучу билим алган орто мектептин чатырын жана терезелерин жаңыртуу керек. Ал эми жылуулук системасын алмаштыруу республикалык түрткү берүүчү грантка сунушталды.

Ошондой эле аталган мектептин жер төлөсүнө жеке билимкана ачуу пландалып жатат.

Орто мектептин жетишкендиктери жана көйгөйлөрү менен таанышкан шаар башчысы маселелерди чечүү аракети көрүлөөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий