• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн 31 объектке айыппул салынды

Аймак 0

Бишкек, 15.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Нарын облусунда санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн 31 объектке айыппул салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, коопсуздук эрежелерди сактабаган мекемелерге КРнын өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы 244-токтомунун негизинде тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

"3-майдан бери 410 объектиге санэпидкөзөмөл борбору тарабынан санитардык сунуштамалар таратылып берилген. 138 объект текшерилип, акт түзүлгөн. Санитардык талаптарды аткарбаган 31 жооптуу кызматкерге 31 миң сомдон айыппул салынды", - дейт ал.

Алымкулов маалымдагандай, Нарын облусуна кире турган 3 негизги пост иштеп жатат. Алар Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа районунда. Ошондой эле Нарын шаарында 2, Ат-Башы районунда бир санитардык пост иштөөдө.

Пикир

Оставить комментарий