• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Нарындын Кең-Суу айылы сентябрга чейин электр энергиясы менен камсыздалат

Аймак 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Президенттин Нарын облусундагы өкүлүАлтынбек Эргешов Жумгал районуна болгон иш сапарында Миң-Куш айылындагы Туюк-Суу радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайында болуп, калдыктарды коопсуз жайга көчүрүү иштеринен кабар алды.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, облус башчысы ошондой эле Кең-Суу айылында болуп, электр энергиясын жеткирүү иштерин жеринде көрдү. Аталган айылга электр жеткирүү үчүн жергиликтүү фонддон зым тиректер жана жабдуулар алып берилген. Электр тармактар ишканасы тарабынан зым тиректер орнотулуп, учурда электр чубалгыларын тартуу иштери калган.

Облус жетекчиси бул иштерди ылдамдатып, сентябрь айынын ичинде элди электр энергиясы менен камсыздоо тапшырмасын жергиликтүү администрацияга жана электр тармактар ишканасына тапшырды.

Мындан соң облус башчысы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун Баш-Кууганды - Эпкин участкасында болуп, ремонт иштеринин абалын көрдү.

Курулуш ишин жүргүзүп жаткан China Roel, ишканасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, иш ыргагын тездетип, жолду сапаттуу бүтүрүүнү өтүндү. Өкүл ошондой эле жергиликтүү элге иштин жүрүшү боюнча маалымат тактасын уюштуруу зарылдыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий