• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нуран Ниязалиев Борбор Азия мамлекеттеринин Кыргызстандагы элчилерине брифинг өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Борбор Азия мамлекеттеринин элчилерине брифинг өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин биринчи орун басары Бишкек шаарында 2021-жылдын 5-ноябрына пландаштырылган Европа Биримдиги - Борбор Азия биринчи экономикалык форумуна даярдыктар жана анын алкагында уюштурула турган сайд-ивенттер тууралуу кыскача маалымат берди. Форумга катышуусун европалык тараптан жогорку даражадагы катышуучулар, ошондой эле европалык компаниялардын, финансы институттарынын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери тарабынан ырасташкандыгы белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары алдыдагы форум Борбор Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы көп кырдуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү болот деген ишенимин билдиришти.

Жолугушууга Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Р. Жошыбаев, Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Н. Ализода, Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Ш. Мередов жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси X.Мирзахидов катышышты.

Пикир

Оставить комментарий