• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Окумуштуулар үй жаныбары бар адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу аз болорун аныкташты

Дүйнө 0

Бишкек, 27.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Үй жаныбарлары бар кишилер, айрыкча ит баккан адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу аз болот. Бул тууралуу чехиялык дарыгерлер билдирип чыкканын MedicalXpress басылмасы жазат.

Окумуштуулар жүрөк-кан тамыр системасы калыбында болгон 1 миң 769 адамга изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөгө катышкан адамдардын жашоо образы, тамактануусу, кан басымы, кандагы канттын өлчөмү, салмагы, холестерин жана физикалык активдүүлүгү эске алынган.

Жыйынтыгында, үй жаныбарларын кармаган адамдар көп кыймыл аракетте болору жана туура тамактанары аныкталган.

Ал эми, ит ээлеринин (жаш курагы, жынысы, билим деңгээлине карабай) канында канттын өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү жакшы болгон.

Окумуштуулар белгилешкендей, ит баккан адамдар эшикке көп чыгып, көп кыймыл аракетте болушат.

Пикир

Оставить комментарий