• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош-Бишкек жолунда Чычкан суусуна аял киши агып кетти

Кырсык 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Ош-Бишкек жолунда Чычкан суусуна аял киши агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ыдайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында Мраморный тилкесинде кечээ, 1-августта болжол менен саат 18:00дөр чамасында 1960-жылы туулган В.Д.аттуу аял Чычкан суусуна агып кеткен.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзгөн, саат 21:20да кеч болуп калгандыгына байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 2-август күнү саат 06:00дө издөө иштерине 10 куткаруучу, Жаңы-Жол айыл аймагынан 10 адам жана туугандарынан 20 адам, жалпы 50 адам тартылды.

Пикир

Оставить комментарий