• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.11.22. /Кабар/. Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул утуралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2022-жылдын 1-ноябрь күнү саат 10:35те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кашка-Суу айылында 3 балл, Кара-Кабак, Сары-Могол, Кабык, Даарот-Коргон, Кызыл-Эшме айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий