• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дүйнөдөгү эң бийик “Бурдж-Халифа” имараты Кыргызстандын желегинин түсүнө боёлду

Коом 0


Бишкек, 02.11.22. /Кабар/. Кечээ, 1-ноябрда Садыр Жапаровдун БАЭге болгон иш сапарынын алкагында Дубайда жайгашкан эң бийик “Бурдж-Халифа” имараты Кыргызстандын желегинин түсүнө боёлду.

Президент Садыр Жапаров 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) иш сапары менен болуп, анын алкагында бир катар маселелер талкууланды.

Эскерте кетсек, “Бурдж-Халифа” имараты Дубайда жайгашып, бийиктиги 828 метрди түзүп, дүйнөдөгү эң бийик имарат болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий