• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаары Бишкек менен санариптешүү багытында кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Ош шаары Бишкек менен санариптешүү багытында кызматташат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 5-октябрда, Ош шаарынын 3021 жылдыгы белгиленип жатат.

Салтанаттуу майрамдык иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов элчилерди жана достук мамиледеги шаарлардын өкүлдөрүн расмий кабыл алды.

Ага Россиянын Карелия Республикасынан, Новосибирск шаарынан, Өзбекстандын Андижан облусунан келген делегациялар, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, чет мамлекеттердин Кыргызстандагы расмий өкүлдөрү, КР президентинин Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Бишкек шаарынын делегациялары катышты.

Келген коноктор жалпы шаардыктарды майрамы менен куттуктап, Ош шаары өнүгүү багытында экенин кошумчалашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаары Бишкек менен эки тараптуу тыгыз кызматташуу багытында меморандумга кол коюлду.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бул кол коюу санариптешүү багытында биргеликте иш алып барууга багытталганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий