• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында үйүнө 2 кг жакын баңгизат сактап жүргөн аял кармалды – видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Ош шаарынын жашоочусунан 2 килограммга жакын гашиш алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-февраль күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте “Ирбис” аттуу кызматтык итти колдонуу менен жүргүзүшкөн ыкчам тергөө аракеттеринин жүрүшүндө Ош шаарынын жашоочусу 1987-жылы туулган К.Д. (аял киши) үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда үйдөгү эмеректен кара баштыкка салынган 4 таңгактагы өзгөчө жыты бар баңгизат табылып алынган. Соттук-химиялык эскпертизанын корутундусуна ылайык, бул алынган зат 1 килограмм 904 грамм салмактагы афган түспөлүндөгү “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Ош ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери бул кылмыш ишине тиешеси барларды аныктоо боюнча мындан аркы тергөө амалдарын жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий