• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында жаңы көпүрөнүн ачылышы болду

Аймак 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. Ош шаарынын Достук аймактык кеңешиндеги Санкт-Петербург көчөсүндө жайгашкан “Кайырма” каналы аркылуу өтүүчү жаңы көпүрөнүн ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.

Иш чарада шаардык Кеңештин төрагасы Ж. Ормонов жаңы көпүрөнүн ак жолтой болушун каалап, Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн алдыда жасала турган иштер көп экендигин белгиледи.

“Албетте шаарыбыздын толук кандуу ар тараптан өнүгүүсүндө дагы бир топ иш аракеттерди жасообуз абзел. Шаарыбыздын бардык аймактарында Шаардык Кеңештин депутаттары сиздердин көйгөйлүү маселелериңиздерди көңүл борборунда тутуп, аны чечүүнүн үстүндө иш жүргүзүүгө аракет кылып келишүүдө. Бул көпүрө да бүтүп, депутаттарыбыз сиздерге берген убадаларына туруп, айткандарын далилдеп отурушат.”, - деди Ж. Ормонов.

Буга чейинки көпүрө авариялык абалда болгондуктан жаңы көпүрөнүн курулушу 2016-жылдын аягында башталган. Жалпы сметалык баасы 8 млн сом, тендердик баасы 5 млн 401 миң сомго бааланып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду.

Пикир

Оставить комментарий