• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошко электр кубаты менен жүрүүчү автобустарды алып келүү сунушталды

Аймак 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Ошко электр кубаты менен жүрүүчү автобустарды алып келүү сунушталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев менен GREE Altairnano New Energy inc. компаниясынын вице-президенти Линг Пенгдин жолугушуусунда айтылды.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн өтүп, анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өтүп, тараптар Ош шаарына электр кубаты менен жүргөн заманбап үлгүдөгү автобустарды жеткирүү жана алар үчүн станцияларды куруу маселелерин талкуулашты.

Марс Исаев Ош шаары соода-экономикалык, туризм багытында алдыга жылып жаткандыгын, ага ылайык транспорттук каттамды кеңейтүү зарылчылыгын белгилеп, Ош мэриясы эки тараптуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Линг Пенг Ош шаары жөнүндө жылуу пикирлерин айтып, электр автобустарды жана жабдууларды чогултуу, сатуу боюнча «GREE Altairnano New Energy inc.» компаниясы дүйнөлүк базарда алдыңкы катарда экендигин белгиледи.

Ошондой эле Ош шаарынын бийлигин компаниянын электр автобустарын чыгарган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн чакырды.

Соңунда тараптар өз ара пайдалуу мамилелерди бекемдөө, бул багытта дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий