• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ошто 18 жаштагы жоокер өзүн-өзү атып каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Ошто күн мурун, 6-декабрда куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам чек арачы каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлайт.

Алдын ала маалыматка ылайык, Чек ара кызматынын Ош облус боюнча башкармалыгында кызмат өтөп жүргөн 2005-жылы туулган Э.Р. кокусунан АК-74 автоматынан өзүн-өзү атып алган.

Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан жоокер алган жараатынан улам мерт кеткен. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер аскер кызматкеринин каза болгонун тастыкташты.

Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуя болгон жерде иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий