• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата тарыхый инсандардын эстелигине гүл коюлду

Аймак 0

Бишкек, 07.11.22. /Кабар/. Ош шаарында бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнүн алкагында мемориалдык комплекске жана тарыхый инсандардын эстеликтерине гүл коюлду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач “Өчпөс от” мемориалдык комплексинин жанына гүл коюлуп, бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилди.

Мындан тышкары, башка мамлекеттик ишмерлер: Абдыкадыр Орозбеков, Алымбек Датка, Султан Ибраимов, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев, Ысакбек Монуев, Курманжан Датканын эстеликтеринин жанында да эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Эскерүүгө Ош шаарынын вице-мэрлери, ардагерлер, аксакалдар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мэриянын кызматкерлери, калаа тургундары, жаштар катышты.

Белгилей кетсек, 7-8-ноябрь күндөрү Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Бул Жарлыкка 2017-жылы кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий