• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто “Тез жардам” борбору толугу менен санариптештирилди

Аймак 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаардык медициналык “Тез жардам” борборунда мекемени санариптештирүү жана электрондук башкаруу тутумун ишке киргизүү боюнча иштер толугу менен аяктагандыгына байланыштуу презентация өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Презентацияга Ош шаарынын мэриясынын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, “GIZ” эл аралык уюмунун (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому), Ош шаардык жана облустук медициналык мекеме-ишканаларынын өкүлдөрү катышты.

Презентацияда Ош шаарынын мэриясынын жардамы, "GIZ" эл аралык уюмунун техникалык колдоосу менен “Тез жардам” борборунун электрондук башкаруу процессин өнүктүрүү үчүн аткарылган иш-аракеттер тууралуу маалымат берилди.

Электрондук башкаруу тутуму диспетчерлердин тез жардам тобу менен өз ара байланыштарын бекемдеп, чакыруу жөнөтүлгөндө алардын жайгашкан жерин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, медициналык жардам көрсөтүүнүн ылдамдыгын жана сапатын жогорулатат. Ошондой эле кадрлардын уюштуруу иштерин, маалыматтык көзөмөлдү жакшыртат.

Ага керектүү жабдууларды жана байланыш каражаттарын сатып алуу жана орнотуу менен катар медициналык кызматкерлер арасында санариптик сабатуулукту жогорулатуу максатында окутуулар жүргүзүлгөн.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан "Керме-Тоо", "Манас-Ата" муниципалдык аймактарында ачылган “Тез жардам” борборунун көмөк чордондорунда дагы электрондук башкаруу тутуму толугу менен ишке киргизилген.

2024-жылдын аягына чейин "GIZ" медициналык кызматкерлерди окутууга, тиешелүү кеңештерди берүүгө жана электрондук тутумдун ишин жөнгө салууга колдоо көрсөтүүнү улантат.

Пикир

Оставить комментарий