• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто туризмди өнүктүрүү маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-мартта Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов туроператорлор, мейманкана бизнеси, банк чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Ош шаарында туристтерге ыңгайлуу болушу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү талкууланды. Туристтик пакеттерди Ош шаарында гана эмес, жалпы облус боюнча ишке ашыруу, чет өлкөдөн туристтерди тартуу максатында туристтик продукцияларды даярдоо маселелери да козголду.

Ошондой эле туризм тармагынын бардык объектилеринде төлөмдөрдү электрондук системада жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жагы талкууланды.

Эскерте кетсек, Ош шаарынын туризм тармагында учурда 13 туристтик агенттик иштейт.

Пикир

Оставить комментарий