• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламенттик шайлоо: Саат 10:00гө карата 100 миңден ашуун жаран тандоосун жасады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрь саат 10:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо партияларга 107 миң 852 жаран добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал жалпы шайлоочулардын 2,91 пайызын түзөт. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 103 миң 332 шайлоочу (2,86%) добуш берди. Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292ни түзөт.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий