• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент А.Атамбаев жогорку звенодогу мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилердин декларациясын сактоо мөөнөтүн узартууну колдойт

Президент 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев жогорку звенодогу мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилердин декларациясын сактоо мөөнөтүн узартууну колдойт. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы А.Үсөнов билдирди.

Анын айтымында, учурдагы ченемдерге ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилердин декларациясы алты жылга гана сакталат жана мөөнөтү жеткен соң жок кылынат. “Учурда коом чиновниктерден иштеринин ачыктыгын эле эмес, алардын киреше булактарын ачыктоону да талап кылып жаткандыгын эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаев декларацияларды сактоо мөөнөтүн узартууну колдойт. Мамлекет башчы учурда өздөрүнүн миллиондогон байлыгын жашырбаган айрым саясатчылардын кыска мөөнөттө кандайча байып кеткенине негиздүү түрдө кызыккан адамдарды колдойт”, - деди А.Үсөнов.

Президент Алмазбек Атамбаев кызмат адамдарынын кирешелеренин ачыктыгы жана айкындыгы тутумунун натыйжалуу ишине, алардын коом алдында отчеттуулугуна жетишүү керек деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий