• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Ноокат-Кызыл-Кыя унаа жолун капиталдык реконструкциялоону баштоону тапшырды

Президент 0

Бишкек, 25.12.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ноокат-Кызыл-Кыя унаа жолунун абалы менен таанышты.

Жолдун азыркы абалы боюнча жарандардан бир канча арыздар түшкөн.

Президент Садыр Жапаров бул автожолду капиталдык оңдоону 2023-жылдын жаз айларында баштап, ошол эле жылдын күзүндө бүтүрүүнү тапшырды.

Ошол эле учурда оңдолгон жолдун сапаты бардык техникалык регламенттерге туура келиши керек.

Пикир

Оставить комментарий