• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түзүлүп, Равшанбек Сабиров жетектемей болду

Президент 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. “Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги “KADI” мамлекеттик мекемесинин базасында Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги түзүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун “Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана КРнын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгында айтылат.

“Улуттук агенттик бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну координациялоо, эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдар менен кызматташуу, ошондой эле Кыргыз Республикасына тышкы кайтарымсыз көмөк көрсөтүү каражаттарын (гранттарды, техникалык көмөктү, максаттуу кайтарымсыз жардамды) тартуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана координациялоо үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет деп аныкталсын”, - деп айтылат жарлыкта.

Ошондой эле, бул жарлык менен Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп Сабиров Равшанбек Азатович дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий