• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президенттикке талапкерлер кыргыз тил боюнча тестти эки баскыч менен тапшырат - Улуттук комиссия

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 25-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Президенттикке талапкерлердин кыргыз тили боюнча тест тапшыруусу эртең, 26-июлда башталат. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 21-июлда мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия талапкерлер менен жолугушкан. Анда комиссия мүчөлөрү талапкерлерди тест тапшыруунун процедурасы менен тааныштырган.

Ошондой эле, бүгүн, 25-июлда улуттук комиссия талапкерлер алардын өкүлдөрү жана ММК өкүлдөрү үчүн “Кыргызтесттин” системасынын расмий бет ачарын өткөрүүнү пландашкан.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 17-июлунда мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия өзүнүн буйругу менен президенттикке талапкерлерге атайын кыргыз тили боюнча тест тапшыруу программасын иштеп чыккан.

Маалыматка ылайык, улуттук комиссия 26-июлдан тартып талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт.

“Кыргызтесттин” системасына ылайык, процедура 2 баскыч менен жүргүзүлөт.

Биринчи баскычта талапкерлер каттоодон өтүп, идентификациялык код алышат, тесттин жүрүшү менен таанышышат. Экинчи баскычта талапкер тест тапшырып, анын жыйынтыктарын алат.

Президенттикке талапкер каттоодон өтүшү үчүн БШКга “Кыргызстеттин” мамлекеттик тилди билүүсү боюнча сертификаты болушу шарт.

Пикир

Оставить комментарий