• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Рак оорусун алдын алуудагы он эки шарт

Дүр дүйнө 0

Япония мамлекеттик рак оорусун дарылоо борборунун башчысы Хенийжан рак оорусун дарылоонун илимий коомунда бул ооруну алдын алуу жөнүндө он эки шартты илимий негиздеп, жалпы эле адис дарыгерлердин, элдин ортосунда талкууга койгон экен. Ушул он эки шарт ортого талкууга коюлгандан кийин өтө эле катуу, күчтүү талаш-тартыштарды пайда кылып жана чоң таасирин тийгизди. Ал он эки шартты назарыңыздарга сунуштайбыз:

-тамакты тандабастан, азыктанууну нормалдуу кабыл алуу,
-бир түрдүү азыктарды кайра-кайра иче бербөө,
-өтө эле ашык тое ичүүдөн сактануу,
-аракты көп ичпөө,
-тамеки тартпоо же аз тартуу,
-А, В, С, Е витаминдерин тийиштүү өлчөмдө пайдалануу, толук баалуу азыктар менен тамактануу,
-тузду жана ачуу тамактарды өтө көп ичпөө, тамак-ашты өтө ысык абалында жебөө,
-күйүк нерселерди жебөө,
-жыттанган нерселерди жебөө,
-катуу чарчап кетүүдөн сактануу,
-күнгө өтө көп кактанбоо,
-денени ар дайым таза кармоо.

Пикир

Оставить комментарий