• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Реал" чабуулчусу Карим Бензема менен болгон келишимин узартууну көздөп жатат

Спорт 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Мадриддик "Реал" клубу өзүнүн чабуулчусу Карим Бензема менен болгон келишимин узартууну көздөп жатат. Бул тууралуу Marca басылмасы билдиргенин Чемпионат басылмасы жазат.

Франциялык оюнчунун учурдагы келишими 2021-жылдын жай айына чейин түзүлгөн. Бенземанын командага алып келген ийгиликтеринен улам "Реалдын" жетекчилиги жаңы келишим түзүүгө даяр. Жаңы келишим 2023-жылга чейин түзүлөрү жана айлыгынын жогорулашы айтылат.

Эскерте кетсек, "Реал" клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич Бенземаны дүйнөдөгү алдыңкы оюнчулардын бири экенин айткан.

31 жаштагы оюнчу "Реалдын" катарына 2009-жылы келген. Аталган клуб менен бирге эки жолу Испаниянын чемпионатын, кубогун жана суперкубогун жеңген, ошондой эле Чемпиондор лигасын төрт ирет уткан.


 

Пикир

Оставить комментарий