• 88.68
  • 95
  • 0.95

Reuters: Кытай БУУнун эксперттерин СУАРга киргизүүгө макул болду

Дүйнө 0

Бишкек, 08.01.19 /Кабар/. Кытай "белгиленген чараларды" сактаса, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) өкүлдөрүн Шинжаңга (Синьцзян-Уйгур автоном районуна) киргизүүгө даяр экенин Reuters агенттиги кабарлады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лу Кан 7-январда Пекиндеги пресс-брифингде билдиргендей, БУУнун эксперттери Кытайга саякаттагандарга коюлган бардык талаптарды аткарып, "өлкөнүн ички иштерине аралашуудан оолак болушу абзел". Алар бейтараптык менен калыстыкты көрсөтүшү зарыл.

Былтыр декабрда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет уюмдун эксперттери Шинжаңдагы казак, уйгур, кыргыз, татар улутундагылардын абалы тууралуу "кооптондурган маалыматты" алып жатышканын билдирген, деп жазат centralasian.org.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабар 2016-жылдан бери тарай баштаган.

Буга чейин БУУ мындай лагерлерде 1 млн чейин адам отурганын тастыктаган ишенимдүү булактар бар экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий