• 88.68
  • 95
  • 0.95

Рим шаарында Кыргызстандын ФАОдогу туруктуу өкүлү башкы директор менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын 3-апрелинде Кыргызстандын Италиядагы элчиси - Кыргызстандын БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюмундагы (ФАО) туруктуу өкүлү Таалай Базарбаев Рим шаарында ФАО башкы директору Цюй Дунъюй менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптар ФАО тарабынан Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду ишке ашырууга байланышкан маселелерди, ушул жылдын июль айында өтө турган ФАО конференциясын талкуулашты, ошондой эле Кыргызстан менен аталган уюмдун ортосунда келишимдик-укуктук базаны бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле Базарбаев ФАОнун башкы директорун 2022-жылы декабрда Нью-Йоркто БУУнун 110дон ашык мүчө мамлекеттеринин колдоосу менен кабыл алынган, БУУнун Башкы ассамблеянын “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясынын ажырагыс бөлүгү болгон "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык 2023-2027-жылдар" концепциясынын алкагында Кыргызстан тарабынан тоо маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий