• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

С.Жээнбеков: Өнөр-жайды жандантабыз, жаңы кайра иштетүүчү ишканаларды курабыз

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. Өнөр-жайды жандантабыз, жаңы кайра иштетүүчү ишканаларды курабыз, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында дагы, деп билдирди КР Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, премьер-министр болуп турган мезгилинде ал башкарган өкмөт Аймактарды өнүктүрүү концепциясын кабыл алган жана анын алкагында жер-жерлерде 20 пилоттук шаарлар менен иштөө башталат. «Президент болуп шайланып калсам, алгачкы кадамым катары ар бир райондун, керек болсо айылдын шартына жараша адамдарды иш менен камсыз кылуу программасы болот! Кызыл-Кыя шаарында өнөр-жайды жандантып, жаңы кайра иштетүүчү ишканалар курулат», - деп белгиледи С.Жээнбеков.

Ал кыска убакта зор жетишкендиктер болгонун эскертти, анткени 2016-жылдын апрелинде ал премьер-министр кызматына киришкен мезгилде ички дүӊ продукт 4,9 пайызга, өнөр-жайы 26 пайызга төмөндөп кеткен. 2017-жылдын алты айында ички дүӊ продукт 6,4 пайызга, өнөр-жай 31,6 пайызга жогорулады. «Мындай көрсөткүчтөр бир да өкмөттө учурунда болгон эмес», - деп белгиледи талапкер.

«Бюджетти алалы. Былтыр 2016-жылы салык кирешеси 11 млрд. сомго көбөйгөн. Быйыл бюджеттин чыгаша бөлүгү 151 млрд. сомгожетти. Дагы көбөйөт. Анткени, мен көбөйтүү булактарын, жолдорун билем! Бюджет – жалпы элдин ырыскысы, уурдабаса эле бюджет көбөйөт», - деп сөзүн жыйынтыктады СооронбайЖээнбеков.

Мындан тышкары, шайлоочулардын суроолоруна жооп берип жатып, Сооронбай Жээнбеков Кызыл-Кыя шаарынын аэропортун куруу жана оңдоо маселесин карап берүүнү убада кылды.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 26.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий