• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

С.Жээнбековдун штабы түшүнүктөрдү бурмалагандыгы үчүн Адил Турдукуловду айыптайт

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 23.08.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер катары каттоого алынган Сооронбай Жээнбековдун штабы бийликтин оппоненты катары таанымал Адил Турдукуловду түшүнүктөрдү бурмалаган деген айыптоо айтып чыкты. Штабтын билдирүүсүнө караганда А.Турдукулов КСДПнын талапкерди сунуштоо боюнча өткөрүлгөн съездин астында С.Жээнбеков тууралуу чыгарылган брошюраны үгүтөөчү материал деп маалымат тараткан. Штабтын жарвясында мындай делет:

"Адил Турдукулов деген жаран социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясына байланыштуу жалган маалыматтарды таратты.

2017-жылдын 21-августунда ал СДПКнын съездге арналып чыгарылган брошюраны үгүт материалы атап, коомчулуктун башын айландырды. Мында түшүнүктөрдү бурмалоо болууда. Ошол эле мезгилде буга окшогон брошюралар «Ак-Шумкар» (Т. Сариев), «Өнүгүү-Прогресс» (Б. Төрөбаев) партиялары тарабынан да, ошондой эле Ө. Бабановдун Курултайынын делегаттары үчүн да чыгарылганын ал эң жакшы билет. КСДПнын 16-съездинде С. Жээнбековдун өмүр баяны камтылган брошюра делегаттарга таркатылган, анда БШКнын өкүлдөрү да болушуп, алар бул материалдарды шайлоо мыйзамдарына каршы келбейт деп табышкан.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-июлдагы КСДПнын 16-съездинде КР Президенттигине талапкер болуп көрсөтүлгөн. Брошюралар С. Жээнбеков талапкер болуп көрсөтүлө элек учурда делегаттарга таркатылган. Ал учурда Президенттикке талапкердин шайлоо фонду да түзүлө элек болчу. КСДПнын 16-съездинен кийин аталган материалдар таркатылган эмес.

Жогоруда көрүнүп тургандай, Адил Турдукулов тарабынан чындыкка коошпогон, жалган, бурмаланган маалымат таркатылган.

Пикир

Оставить комментарий