• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров "БА - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин" саммитине катышуу үчүн Жиддага келди

Президент 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда, Жидда шаарында (Сауд Аравия Падышалыгы) өтүп жаткан "Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңешинин" биринчи саммитине катышуу үчүн келди.

Өлкө лидерлерин имараттын фойесинде Сауд Арабиясынын Мураскер ханзадасы Мухаммед бин Салман Аль Сауд тосуп алды.

Кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары жана делегациялар саммиттин ишине катышуу үчүн залга бет алышты.

Пикир

Оставить комментарий