• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров: Элди арзан электр энергиясы менен камсыз кылууга милдеттүүбүз

Президент 0

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында калкты арзан электр энергиясы менен камсыз кылуу керектигин билдирди.

"Электр энергиясын импорттоону кескин түрдө кыскартуубуз керек. Сууну, электр кубатын өндүрүүнү туура пайдаланып, элибизди арзан электр энергиясы менен камсыз кылууга милдеттүүбүз", - деп баса белгиледи президент.

Жапаров кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышы өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына түптөлгөн жол экендигин айтты.

"Кийинки жылдары экспорттук тизмеге электр энергиясын дагы экспортто кошулат деген тилегибиз бар", - деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, учурда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Жыйында министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралмакчы.

Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий