• 88.68
  • 95
  • 0.95

2022-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 434,8 млрд сомду түздү – Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 28.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндама жасап, 2022-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстарын 404,2 млрд сомдон ашыруу боюнча план коюлганын айтты.

“Жылды болжол менен 434,8 млрд сом менен жабабыз. Эки жылда бюджетти эки эсеге көтөрө алдык. Садыр Жапаров бийликке келгенде консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247 млрд сом болсо, 2023-жылы 503 млрд сомго жетебиз деп жатабыз”, - дейт ал.

Жапаров акыркы 10 жылда салыктык түшүүлөрдүн эң көбү 70 млрд сом болсо, 2022-жылдын аягына чейин 155 млрд сом чогултуларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, иш-чарада министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, 2023-жылга карата иш план каралууда.

Жыйынга борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий