• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы калкты декларациялоонун биринчи этабы башталганын эскертет

Экономика 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдан тартып Кыргызстанда жалпы салыктык декларациялоонун биринчи этабы башталганын эскертет.

Жыл сайын милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшыргандардан тышкары, быйылкы жылы салык төлөөчүлөрдүн жаңы категориялары да тапшыруусу зарыл.

Тактап айтканда, ушул жылдын 1-майына чейин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:

– мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Белгилей кетсек, салык мыйзамдарына ылайык, 2026-жылдан тартып Кыргызстандын бардык жарандары салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Ага чейин жалпы салыктык декларациялоо этап-этабы менен киргизилет. Биринчи этап 2023-жылы башталды. Кийинки жылдан баштап салык салынуучу киреше алган бардык жеке жактар милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшырышат.

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жана 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер салык декларациясын тапшырышы керек.

Пикир

Оставить комментарий