• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоо 2021. Саат 14:00гө карата референдумга 700 миң жаран добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саат 14:00гө карата Конституция боюнча референдумга 700 миң шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, ал жалпы шайлоочулардын 19,41%ын түзөт.

Аймактар боюнча алганда референдумга Бишкекте 65 миң 740, Ош шаарында 39 миң 786, Жалал-Абад облусунда 147 миң 321, Ысык-Көл облусунда 57 миң 977, Нарын облусунда 46 миң 459, Ош облусунда 151 миң 356, Талас облусунда 35 миң 37, Чүй облусунда 95 миң 465, Баткен облусунда 59 миң 504 жана чет өлкөлөрдө 1 миң 355 жаран добуш берди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий