• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БШК Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. КРнын борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жыйындын жүрүшүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешине (БШК) шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу тууралуу чечимин колдоду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, өлкө туруктуулукка жана өнүгүүгө карай умтулушу керек, өз кезегинде шайлоо ачык-айкын жана таза өтүшү зарыл.

«Таза шайлоо – башкаруу органдарын жана бийликти мыйзамдаштыруунун негизи. Шайлоолор добуш сатып алуудан жана административдик ресурс колдонуудан алыс өтүшү керек. Ал эми «Эмгек» партиясынын арызы биз эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок дегендей түр көрсөтүүбүз керектигин билдирет»,-деди ал.

Эскерте кетсек, мындан мурда «Эмгек» саясий партиясы КР БШКга шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу боюнча БАШКнын чечимине каршы арыз жөнөткон.

Жыйындын жыйынтыгында БШК арызды канааттандыруудан баш тартты.

Пикир

Оставить комментарий