• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоо 2021. Саат 18:00гө карата жалпы шайлоочулардын 25%ы добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 11-июль, саат 18:00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоодо 155 миң 707 адам добуш берди. Бул тууралу БШКнын сайтында жазылат.

Ага ылайык, ал жалпы шайлоочулардын 25,22%ын түзөт. Аталган шаарларда шайлоочулардын тизмесине жалпы 617 миң 517 жаран киргизилген.

Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 18, Токмок шаардык кеңешке 6, Оштукуна 8 саясий партия катышууда.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий