• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Шавкат Мирзиеёв кайрадан Өзбекстандын президенти болуп шайланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Либерал-демократиялык партиясынан талапкер Шавкат Мирзиёевге шайлоочулардын 80,1%ы добуш берген. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Зайниддин Низамходжаев билдирди.

Анын айтымында, шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык талапкерлердин ортосундагы чыныгы атаандаштыктын шартында өттү.

БШК башчысы белгилегендей, учурда бардык бюллетендер саналып бүттү.

Шайлоого 16 млн 212 миң 343 адам же катталган шайлоочулардын 80,4%ы катышты (20 158 907 – акыркы маалыматтар). Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө 421 миңден ашуун адам катышты.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Шавкат Мирзиеёвге шайлоочулардын 88,61%ы же 15 млн 906 миң 724 адам добушун берген.

Пикир

Оставить комментарий