• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ШКУ Баш катчысы Кыргызстандагы президенттик шайлоо тууралуу пикирин айтты

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун Баш катчысы Раишд Алимов Бишкектеги маалымат жыйында президенттик шайлоого өзүнүн байкоолорунун жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ШКУ миссиясы Кыргызстанга БШКнын чакыруусу менен келген.

“Байкоочу миссиясына мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана шайлоочу тармактан сапаттуу курам кирген. Кыргызстанда биздин миссия 11-жолу иштейт. Мен БШК эл аралык байкоочулар үчүн шайлоо процессин көзөмөлдөөгө бардык шарттарды түзгөнүн белгилеп кетким келет. Биз кесиптештерибиз менен Бишкекте координациялык борбор түздүк. Анда жыйынтыгы боюнча биз чогулуп, шайлоону талкуулайбыз”, - деди ал.

ШКУ Баш катчысы 17:00гө карата миссиянын бардык мүчөлөрү өлкөнүн 163 шайлоо тилкесин кыдырып чыгышканын билдирди.

“Биздин көз карашыбызды бүгүн биз кыдырган тилкелерде айлоо бардык процедураларды сактоо менен уюшкандыкта өтүп жатат. Өзгөчө карысы, жашы дебей жарандардын активдүү катышып жатканын белгилөөгө болот”,- деди ал.

Рашид Алимов кесипкөйлүк жана ар бир жаранга кам көргөн шайлоо тилкелеринин ишин белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий