• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сокулук районунда өрттөн бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Сокулук районунда өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрь күнү саат 9:00 чамасында Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылында турак үйдө өрт чыккан.

Өрттүн кесепетинен аянты 40 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйүп, үйдүн ээси 88 жаштагы эркек киши каза болгон.

Өрттүн себеби тамеки тартуудагы этиятсыздык.

Пикир

Оставить комментарий