• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек - Торугарт унаа жолунда айдоочу жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 10.12.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында саат 01:48 чамасында Бишкек – Нарын - Торугарт унаа жолунун 24-чакырымында жеңил унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 48 жаштагы С.Д. аттуу эркек киши алган жаракатынан улам каза болгон.

Ал эми 9-декабрда облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип “Мазда” үлгүсүндөгү унаанын 27 жаштагы Г.А. аттуу айдоочусу кармалган.

Унаа айып аянтчасына токтотулуп, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий