• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Социалдык келишим. Таластык үй-бүлөлөр 100 миң сомдук сертификаттарды алды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 30-мартта Таласта социалдык келишимдин алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарынын сертификаттарын тапшыруу аземи өттү.

Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Жогорку Кеңешинин депутаты Руслан Жакышев, Талас облусунун башчысы Нурлан Дарданов катышты.

Белгилей кетсек, аталган долбоор жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды жана кошумча жумуш орундарды түзүү максатын көздөйт.

Каражатка ээ болуу үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөр тарабынан 100 миң сомду кандай пайдаланары боюнча долбоор жазылат. Келип түшкөн долбоорлордун ичинен тандоо жүргүзүлүп, атайын жобого ылайык акча каражаты бөлүнүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий