• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статистика: 213 адамдан COVID-19 жаңы табылып, беш бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 29.08.21./Кабар/. Кыргызстанда 29-августка карата коронавирус дагы 213 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 94, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 27, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 45, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 12 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 348 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 132 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 226 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 437 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 169 миң 117 киши айыгып чыкса, 2 миң 518 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий