• 88.68
  • 95
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 118 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 118 адамдан табылып, 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 47 адамдан, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 23, Ош облусунда - 10, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 14, Талас облусунда – 4, Жалал - Абад облусунда – 8 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 155 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 58, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 46, Ош облусунда – 13, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 19, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусунда – 3 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 396 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда – бир, Ысык-Көл облусунда – бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 697 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 17 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 2 учур катталды. Үй карантининен 2, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 163 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 70 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 703 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 664 киши айыгып чыкса, 1 миң 396 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий