• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Түндүк электр” ишканасынын абоненттери үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. “Түндүк электр” ишканасынын абоненттери үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКнын маалыматына таянып Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мобилдик тиркеме электр энергиясын керектөөчүлөргө болгон карызы тууралуу өз убагында маалымдоо максатында иштелип чыккан.

"Бул тиркеме керектөөчүгө электр энергиясы үчүн болгон карызы жөнүндө маалымдайт жана төлөм өз убагында төлөнбөгөн учурда бул тууралуу абонентке күн сайын эскертүү келип турат. Тиркеме ошондой эле оңдоо иштеринин жүрүшүндө өчүрүү аймактарынын тизмесин, акы төлөнүүчү кызматтар үчүн калькуляторду, жаңылыктарды жана башкаларды көрсөтөт". - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, пайдалуу программаны Play Market жана AppStore тиркемелеринен "Түндүк электр" ААКсы" издөө тилкесиндеги суроо-талап боюнча жүктөп алууга болот.

Жүктөп алгандан кийин, суралган маалыматтарды киргизүү менен каттоодон өтүү керек.

Пикир

Оставить комментарий