• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрөбаев Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар коюу аземине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынына катышуу үчүн Беларусь Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Минск шаарынын Жеңиш аянтындагы Жеңиш монументине гүлчамбар коюу аземине катышты.

КРнын делегациясынын жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды, Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү, ошондой эле өндүрүш объектилерине баруу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий