• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талант Мамытов Россияга иш сапары менен барат

Саясат 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 6-8-декабрь күндөрү Москвада иш сапары менен болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Анда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болоору, андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан менен Россиянын алакасын арттыруу маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Ошондой эле Талант Мамытовдун Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруучу комитеттин төрагасы - КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуулары мерчемделген.

Эскерте кетсек, төрага баштаган делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров бар.

Пикир

Оставить комментарий