• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркияда кыргыз жаранын сабаган полиция кызматкерлери тергөө бүткүчө кызматтан четтетилди

Коом 0

Бишкек, 05.10.17,/Кабар/. Түркияда кыргыз жаранын сабаган полиция кызматкерлери тергөө иштери аягына чыккыча убактылуу кызматынан четтетилишти. Бул тууралуу КРнын ТИМнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мурда социалдык түйүндөрдө Аланья районунда полиция кызматкерлери тарабынан сабалган Кыргызстандык жарандын видео жана сүрөтү жарык көргөн болчу.

Кыргызстандын элчилиги Аланья районунун коопсуздук башкаруу кызматы менен байланышып, анда аталган окуяны тастыкташып, полиция кызматкерлери иликтөө иштери аягына чыккыча кызматтан четтетилгендиктери айтылган.

Окуядан жабыркаган кыргыз жаранына медициналык жана психикалык жардам көрсөтүлгөн, иликтөө аягына чыкканда анын туулган жерине кайтуу маселеси каралат.

Пикир

Оставить комментарий