• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 44,2 миң адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 44 миң 218 адамга жетти. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги билдирет.

“Кырсык болгон аймактан 528 миң 146 адам эвакуацияланды. Учурда жеринде 11 миң 424 куткаруучу иш алып барууда”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Ошондой эле 20-февралда Түркиянын Хатай провинциясынын Сирия менен жектешкен аймагында жер титирөө болгон.

Пикир

Оставить комментарий