• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талант Мамытов «Дар Аль Бер» коомдук фондунун директору менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов директор Мухаммад Сухейл Аль Мухайри баштаган «Дар Аль Бер» коомдук фондунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйынга депутат Дастанбек Жумабеков да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде эл аралык уюмдар менен алакаларды арттыруу маселелери талкууланды.

«Кыргызстан эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууга өзгөчө маани берет. Сиздин уюм адамдык, улуттук жана руханий баалуулуктардын, ошондой эле ислам принциптерине негизделген гуманитардык, социалдык, материалдык жардамга муктаждарга жардам көрсөтүү миссиясын татыктуу аткарып келет», - деди Төрага Т.Мамытов.

Өз кезегинде дарыгер Мухаммад Сухейл Аль Мухайри «Дар Аль Бер» коомдук фондунун ишмердүүлүгүнө токтолду. Ал белгилегендей, бул фонд Бириккен Араб Эмирликтериндеги (БАЭ) алгачкы кайрымдуулук уюмдарынын бири болуп эсептелет жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ар кандай кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырып келет.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий